Return to the talk Return to talk

Transcript

Select language

Translated by Asel Omuralieva
Reviewed by Bakyt Omurzakov

0:11 Бир нече жыл мурун өзүмдү көнүмүш адат жашоомдо токтоп калгандай сездим. Ошондо, улуу Америкалык философ - Морган Спарлоктун кылган иштерин туурап, жаңы нерсени 30 күндүн ичинде баштайын деп чечтим. Бул ойдун мааниси абдан жөнөкөй. Өзүңүздүн жашооңузду байыта турган бир нерсе жөнүндө ойлонуп, ошону 30 күндүн ичинде ишке ашырганга аракет кылыңыз. Байкап көрсө, 30 күндүн ичиндеги убакыт жаңы адатты уйрөнүүгө же эски адаттан айрылууга туура келген мезгил экен - мисалы, жаңылыктарды көрүүнү жашооңуздан алып салуу.

0:42 Мен ушул 30 күндүк өзгөрүүнүн ичинде бир топ нерселерди үйрөндүм. Биринчиден, мурда айлар учуп, унутулса, бир айдан кийин, ар бир маал эсте сакталып жатты. Өзгөрүүнүн жаңы нерсеси катары, мен бир ай боюнча ар күнүмдү сүрөткө тарттым. Ырас, кайсы жерде болгонум жана эмне кылганым толугу менен эсимде болду. Дагы байкап көрсөм, 30 күндүк өзгөрүүлөрүм канчалык кыйыныраак болгон сайын, өзүмө ишеничим көбөйдү. Компьютерден башы чыкпаган окумуш сөрөйдөн жумушка ыракат алуу үчүн велосипед айдаган адамга айландым. Бул аз келгенсип, мен былтыр Килиманджаронун чокусуна чыктым, ал Африкадагы эң бийик тоо болуп эсептелет. Мен ушул 30 күндүк өзгөрүүлөргө чейин мындай нерселерди такыр кылган эмесмин.

1:27 Менин көзүм жетти, эгер бир нерсени абдан катуу кааласаңыз, 30 күндүн ичинде ар нерсени ишке ашырсаңыз болот экен. Жашооңузда бир көркөм кара сөз жазгыңыз келди беле? Ар жылы ноябрда, он миңдеген адамдар 50 000 сөздөн турган чыгарманы 30 күндүн ичинде башынан баштап жазганга аракет кылышат. Ал үчүн бир айдын ичинде күнүнө 1,667 сөз жазыш керек экен. Мен ошондой кылдым. Баса, ийгиликтин сыры - баардык сөздөрдү жазып бүтмөйүнчө, уктабаш керек. Балким сиз уйкудан айрыласыз, бирок көркөм кара сөзүңүздү бүтүрөсүз. Эми менин китебим Американын улуу көркөм кара сөз чыгармасына киреби? Жок. Мен аны бир айдын гана ичинде жаздым. Ал абдан начар. А бирок мындан ары, мисалы, TED кечесинде Джон Ходжманды кезиксем, "Мен компьютер адисимин" деп айткаңга мажбур эмесмин. Албетте эмесмин, бирок кааласам, "Мен жазуучумун" деп айтсам болот.

2:25 (Күлкү)

2:28 Дагы сизге айта турган акыркы сөзүм - мен жаңы, туруктуу өзгөрүүлөрдү кылганда, алар менин күнүмдүк адаттарыма батыраак айланганын түшүндүм. Чоң, шумдук өзгөрүүлөрдүн эч жаман нерсеси жок. Чынында, алар абдан кызыктуу болушу мүмкүн. Бирок алар ар дайым адаттарга айланаары күмөн. Мен 30 күндүн ичинде шекер колдонбой калганда, 31-чи күн ушуга окшош болгон.

2:50 (Күлкү)

2:52 Анда эмесе менин суроом сизге мындай: Сиз эмнени күтүп жатасыз? Мен сизге кепилдик бере алам, каалайсызбы же каалабайсызбы, келе жаткан 30 күн дагы өтөт. ошондуктан, ар дайым жасагыңыз келген нерсе жөнүндө ойлонуп, эмки 30 күндүн ичинде аны ишке ашырганга аракет кылыңыз.

3:11 Ыракмат.

3:13 (Кол чабуу)