Return to the talk Return to talk

Transcript

Select language

Translated by Kalys Osmonov
Reviewed by Aijan Jumukova

0:14 Менин 3 мүнөтүм баштала элекби?

0:16 Крис Андерсон: Жок, сиз 3 мүнөттү баштай албайсыз. 3 мүноттү жокка салгыла, бул туура эмес.

0:20 Ох, бул жака чыгыш абдан кыйын болуп жатат. Мен толкунданып жатам деген мааниде.

0:25 Бирок беш жума мурункудай эмес. Беш жума мурун мен буткул жамбаш сөөк алмаштыруу операциясынан өттүм. Бул кандай операция экенин билесиңерби? Элект араа, дрель, абдан жаман. Эгер Дэвид Болински болбосоңор гана, ага мунун баары чындык жана сулуулук. Туура, Дэвид, эгер бул сенин жамбашың болбосо, бул чындык жана сулуулук.

0:45 Баары бир, бул иш боюнча мен көп билем. Ошондуктан Крис ал жөнүндө айтып берүүгө чакырды. Бирок ага чейин силер мен жөнүндө эки нерсени билишиңер керек. Эки гана нерсе. Мен Канададанмын жана жети баланын эң кичүүсүмүн. Азыр, бизде Канадада сонун ден соолук сактоо системабыз бар. Ал жаңы жамбаш сөөктү акысыз алганды билдирет. Жети баланын кичүүсү болуп, мен эч качан эч нерседе биринчи болгон эмесмин. Түшүндүнөрбү?

1:08 Менин жамбаш сөөгүм бир нече жылдан бери ооруп журчу. Аягында мен докторго бардым, акысыз докторго, ал мени ортопердиялык операцияга жөнөттү, ал дагы акысыз. Ал хирургду мен 10 айдан кийин көрдүм, кичине жетпей 1 жыл. Акысыздыктын баасы ушундай. Мен хирургга жолугуп, рентген нурларынан өткөндөн кийин, сүрөттөрдү карап, билесиңерби, мен дагы менин жамбашым жаман экенин түшүндүм. Мен маркетингде иштегениме карайбай. Ошентип, ал "Эллисон, биз сага операция кылабыз, Мен сенин жамбаш сөөгүндү толук алмаштырам. Бирок 18 ай күтөсүн" деди. Дагы 18 ай. Мен 10 ай күттүм, дагы 18 ай күтүшүм керек.

1:47 Билесиңерби, абдан узак күтүү, мен TED жөнүндө ойлонуп баштадым. Бул TED ге менде жаңы жамбаш ала албайм, Мен Африкадагы TEDGlobal га ала албайм. TED2008 ге да ала албайм. Мен дагы эле ооруп жаткан жамбаш менен жүрмөк элем. Бул абдан капалантат эле.

2:01 Ошентип, мен хирургдан чыгып, даарыкананын ичинде басып жүрдүм, Ушул жерден мага ой келди. Жети баланын эң кичүүсү биринчи орунда болуш керек. Ооба.

2:14 Билесиңерби, бул кандай канадалыктарга окшош эмес? Биз башкача ойлонобуз. Биз бул жөнүндө сүйлөшпөйбүз, ойлоп да койбойбуз. Биз чет өлкөдө жүргөндө, кийинкидей бири бирибизди табабыз. "Сизден кийин." "Жок, жок. Сизден кийин" Хей, сиз Канададансызбы? О, мен дагы! Кандайсың?" "Жакшы. Абдан жакшы".

2:32 Жок. Мен тизмеден бирөөнүн астында туруп калайын деп ойлонгон жокмун. Дагы бир 70-жылдагы чал мүмкүн болгондур, аягып, кайра гольф ойноюн, же бакчада иштөонү каалап жүргөн. Жок, жок. Тизмеде биринчи гана.

2:42 Ошентип, мен басып жүрүп, ооруп жаткан жамбашым менен, белги издеп жүрдүм. Анан таптым ал белгини. Даарыкананын дүкөнүндө жарыяны көрө калдым. "Волонтерлор керек" деген. Хмм. Алар мени күттүрбөй эле алышты. Эч мен жөнүндө маалымат сурабай эле алышты. Буларга абдан волонтерлор керек болчу, анткени бул жердеги волонтерлордун орточо жашы 75. Ооба, аларга жаш адамдар керектелип жатышкан.

3:14 Кийинки нерсе, мен волонтерлордун көк жилетин кийип алдым, Мага фотосу менен күбөлүк беришти, 89-жаштагы менин башчым мени үйрөттү кантип иштөөгө. Мен жалгыз иштеп жаттым. Аб бир жума күнү эрте менен, мен ал дүкөндө болчуумун. Чек берип жатканда, Мен кокус сурайм "Иштериңиз кандай?" Анан "Мен жамбаш сөөктү алмаштырам, 18 айдан кийин, Бул оору бүтсө абдан сонун болот эле. Оох!" Даарыкананын баардык иштөөчүлөрү байкуш, жаңы волонтер жөнүндө билишти.

3:49 Кийинки хирург менен жолугушуу, кокустан, дүкөнгө орношуудан кийин көп өтпөй эле болду. Жолугушууда мен көк жилетим, күбөлүгүм менен бардым. Аларды хирург отурган стулга ыргытып койдум. Ал кирип келгенде, ал аларды көрдү деп айта алам. Бир нече убакыттын ичинде, мага операцияны кийинки жумага коюшту. жана абдан көп Петросеттин рецептин беришти.

4:13 Ушактар боюнча, менин волонтер катары иштегеним, тизмедеги биринчи болгонума шарт берди деп уктум. Билесиңерби, мен ага уялган жокмун. Эки себеп бар. Биринчиден, мен жаңы жамбашымды жакшы сактайм, экинчиден, мен волонтерлукту таштабайм. Булар мени бир нерсени түшүнгөнгө алып келди: Эгер Канаданын тургуну системаны алдайм десе дагы, ал коомго жардам берүү жолу менен кылат.